У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


ТЭЦ көмүрдөн газга өтсө, жылуулук жана жарык берүү эки эсе кымбаттайт


Бишкек ТЭЦи көмүрдөн газга өтүүгө даяр. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын маалымат кызматынан билдиришти.

Өкмөттүн тапшырмасы менен "Электр станциялары" ТЭЦти газга өткөрүү боюнча маселенин үстүндө иштеп жатат. Маалыматка караганда, ТЭЦтин үзгүлтүксүз иштөөсү үчүн болгону Кыргызстанга газ туруктуу жана керектүү көлөмдө келип турганы жетиштүү.

"Алдын ала эсептөөлөргө караганда, бул нерсе продукциянын (жылытуу, ысык суу, электр жарыгы, буу) эки эсе кымбатташына алып келет", — деп айтылат билдирүүдө.

Компания Бишкек ТЭЦтин мындан кийинки тариф саясатын жүргүзүү жана газга жеңилдетилген бааны коюу үчүн мэриянын балансына өткөрүп берүүгө даяр экенин кошумчалады.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter