Фотошоп...АКШдагы башаламандыкка кыргыз жараны катышкан эмес
- 08.01.2021, 10:16,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Американын борбор калаасы Вашингтондогу нааразычылыкка чыккандардын арасында кыргыз жигити да бар деген сүрөт соцтармактарга желдей тараган.

Кадрдан Капитолий имаратында турган бир нече адамды, алардын каптал жагында кыргыз улуттук колориттеги спорттук костюмду кийип турган кыргыз жигитин көрүүгө болот.
Журналисттер аталган сүрөттүн түп нускасын таап чыгышты. Чындыгынла кыргыз жигити ал кадрда жок болуп чыкты. Фотошоп менен өз мекендешин уяткаруу бир гана кыргыздардын колунан келиши мүмкүн. Өсөөр өзүн сыйлайт, өзүбүздү сыйлаганды үйрөнсөк болот эле...