У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Финпол ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаранды кармады


 2021-жылдын 7-январында, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери оор кылмышка, тактап айтканда, 600 миң доллар өлчөмүндө өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип, Акимканов Дөлөтбак Кубанычбековичти кармап, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизти.
 
Шектүү Д.К.Акимкановго карата КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин ченемдерине ылайык, сот баш коргоо чарасын тандайт.
 
Тергөө иштерине белгилүү болгондой, жогоруда аталган адам буга чейин бир нече жолу алдамчылык жана расмий документтерди жасалмалоо боюнча сот жообуна тартылган. 
 
«Урматтуу жарандар, эгерде сиз ушул адамдын курмандыгы болуп калсаңыз, анда Бишкек шаары, Манас пр., 101/1 дареги боюнча Финансы полициясына кайрылууну, ошондой эле ишеним телефонуна оозеки чалуу үчүн кеңеш беребиз», -дейт финпол. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter