У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


11-январдан баштап өлкөдө 1 миң 915 мектеп балдар үчүн кучагын ачат


Кыргызстанда кышкы каникулдан кийин  1 миң 915 мектеп балдар үчүн кучагын ачып, салттуу режимде иштей баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Өлкөдө кышкы каникулдан кийин 1 миң 915 мектеп салттуу түрдө окутууга камылга көрүүдө. Ал эми Бишкек шаарындагы мектептер шаардык мэриянын уруксаты менен ачылат", - дешти министрликтен.

Билим берүү уюмдарынын негизги окуу планына ылайык, кышкы каникулдар 2020-жылдын 30-декабрынан 2021-жылдын 10-январына чейин созулат. Окуучулар 12 күн эс алышып, 2021-жылдын 11-январы - үчүнчү чейректин алгачкы окуу күнү. 




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter