У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бейшеналиев: Кыргызстанда калктын көпчүлүгү коронавирус менен ооруп айыкты


 
Кыргызстанда коронавирус оорусу азайып баратат, бул калктын көпчүлүгү ооруп айыкканына байланыштуу болууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өкмөт үйүндөгү брифинг учурунда билдирди.
 
«Акыркы учурларда коронавирус менен ооругандардын саны азайды. Муну ИФА-тесттердин жыйынтыгы тастыктоодо», -деди министр. 
 
Ошондой эле министр оорунун төмөндөшүн дистанттык билим берүү, коомдук иш-чараларга тыюу салуу жана башка чектөөлөр менен байланыштырды.
 
Бейшеналиев мындан ары да санитардык эрежелерди сактоону өтүндү: кол жууп, антисептиктерди колдонуп, аралыкты сактап, беткап кийип жүрүүгө чакырды. 
 
Расмий маалыматтарга ылайык, 5-январга карата Кыргызстанда коронавирустун 81 512 учуру катталган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter