У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ишенип берилген мүлктү менчиктеп...Бишкек мэринин мурдагы орун басары кармалды


Бишкек мэринин мурдагы орун басары А.М.К. кармалды. Ал ишенип берилген мүлктү менчиктеп, максатсыз колдонгон деп шектелген. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Ал шаар жетекчисинин турак жай-коммуналдык чарба боюнча орун басары болгон.

"Бишкек асфальт сервис" ишканасында жана Бишкек мэриясында болгон коррупциялык схемалар аныкталды. Тагыраагы, жолдорду куруу боюнча мамлекеттик сатып алуулар маалында шектүүгө тааныштыгы бар компанияларга артыкчылык берилген", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө. Иликтөө маалында 2015-2019-жылдар аралыгында А.М.К. колдогон компанияларга 100 миллион сомдук муниципалдык заказдар берилгени белгилүү болгон. Бирок жумуштар толук көлөмдө аткарылган эмес.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter