У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Прокуратура: Кара-Суудагы мектепти курууда 24 миллион сомдон ашык акча желген


Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Киров айылындагы 720 орундуу мектептин курулушун текшерүүдө мамлекетке 24 миллион 209 миң 093,86 сомдук зыян келтирилгени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган мектептин курулушу "Акмат Курулуш" жоопкерчилиги чектелген коомуна тапшырылып, 159 005 463 сомго келишим түзүлгөн. Имарат пайдаланууга 2019-жылдын 5-сентябрында берилген.

"Бирок райондук прокуратура аныктагандай, Сарай айыл өкмөтүнүн жана "Акмат Курулуш" ЖЧКнын кызмат адамдары мектептин курулушу боюнча аткарылган жумуштардын актыларына жалган маалыматтарды киргизүү жолу менен айрым жумуштарды жогорулатылган баада, иш жүзүндө аткарылбаган жумуштарды аткарылды деп, ошондой эле айрым аткарылган жумуштарды кайталап киргизишкен", — деп айтылат маалыматта.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter