У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстанга мыйзамсыз кирип, теракт жасоого аракет кылган чет элдиктер кармалды


Чет өлкөдө оор кылмыш жасап соттолуп, анысы аз келгенсип абактан качып кеткен жарандар Кыргызстанга мыйзамсыз кирип, андан ары Сирияга өтмөкчү болгон шылуундар Жалал-Абад шаарынан кармалды. Бул туурасында Улуттук коосуздук мамлекеттик комитети билдирди.

УКМК Ички иштер министрлиги менен биргеликте М.А. менен Р.Ж. аттуу КМШ өлкөлөрүнүн биринин жарандарын колго түшүргөн.

"Кармалгандар теракт жасоо максатында Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз түрдө киргени аныкталды. Андан соң алар жасалма документти колдонуу менен куралдуу согуш жүрүп жаткан Сирияга өтүп кетүүнү көздөгөн", — деп айтылат маалыматта.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалгандар Жалал-Абад шаарык милиция бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Азыркы тапта кылмышкерлерге жардам берген башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter