Ош облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы кызматтан өз каалоосу менен кетти
- 26.12.2020, 14:58,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Ош облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын начальниги Малик Нурдинов кызматтан кетүү боюнча арызын жазды. Бул тууралуу ОИИББдин маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев маалымдады.
Анын айтымында, Нурдинов ден соолугуна байланыштуу арыз жазган, бирок аны иштен бошотуу боюнча буйрук чыга элек. Облустук милициянын башчысы бир айдай амбулатордук дарыланууда болгон.
Малик Нурдинов бул кызматка 2018-жылы апрелде келген.