Россия Кыргызстанга 20 млн доллар бөлөт. Каражат пенсия, жөлөк пул жана айлыктарды берүүгө жумшалат
- 25.12.2020, 20:25,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Россиянын Кыргызстандагы элчилиги Россия Кыргызстанга кайтарымсыз каржылык жардам көрсөтө турганын жарыялады.
Маалыматта: «Россия Кыргызстанга кайтарымсыз 20 миллион доллар бөлөт. Бөлүнгөн каражат бюджеттик мекемелерде иштегендердин айлык акысына, пенсия жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, саламаттык сактоо системасын каржылоого жумшалат. Келишимдин долбоору кыргыз тараптан жактырылды жана жакынкы аралыкта кол коюлат», -деп жазылат.