У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Маселеңерди чече ала тургандарга кайрылгыла! Саламаттыкты сактоо министри оорулуулар менен жолугушууда залдан чыгып кетти


Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев гепатиттин ар түрдүү формасы менен ооруган бейтаптар менен жолугушуу өткөрдү. Анда бейтаптар министрге түрдүү көйгөйлөрүн айтышты.

"Менин келгениме 2 ай болду. Парламенттен суранып жатып, силерге 10 миллион сом бөлдүрдүк. Дагы 300 миллион сом сурап жатабыз. Биз муну кайра январда көтөрүп чыгабыз", - деди жолугушууда министр Алымкадыр Бейшеналиев.

Анын сөзүн улай оорулуулардын бири: 
"Биз 1 миллиард 400 миллион сом бөлүп берүүнү суранганбыз. 800 миллионду вакцинага, 600 миллионду дарыга сураганбыз. Сизге кайра-кайра кайрылдык. Бирок бизге кайдагы жомокторду айтып жатасыз", - деди. Мындай сөздөн кийин министр залдан чыгып кеткенин социалдык тармактардын колдонуучулары жазып жатышат. 

Залдан чыгаар алдында "Жакшы, анда маселеңерди чече ала тургандарга кайрылгыла",- деген министр.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter