У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кара-Сууда 57 жаштагы кишинин колу бутун скотчтоп, 40 миң сомун алып кетишкендер кармалды


Криминалдык милиция кызматы Кара-Суу районунда 57 жаштагы адамдын колу-бутун скотч менен таңып, 40 миң сомун алып кеткен кылмыштуу топту кармады. Бул тууралуу ИИМден кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя 15-декабрь күнү саат 02:30дар чамасында болгон. Жабырлануучунун үйүнө кирген белгисиз адамдар анын колу-бутун скотч менен байлашып, 40 миң сомун алып качып кетишкен.

"Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш кодексинин 202-беренеси ("Каракчылык") боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Жабырлануучу Россиянын жараны болгон", — деп айтылат маалыматта.

Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында, аталган кылмышка шектүү катары мурда соттолгон Бишкек шаары менен Чүй облусунун 42, 37, 33 жана 30 жаштагы тургундары кармалган.
Учурда алар тергөө абагына киргизилип, шектүүлөрдүн башка да кылмыштарга тиешеси бардыгы текшерилип жатканы айтылды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter