Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда 307 адамды түздү. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Бишкек – 95; Ош шаары – 40; Чүй облусу – 59; Ош облусу – 6; Талас облусу – 14; Нарын облусу – 11; Ысык-Көл облусу – 35; Жалал-Абад облусу – 27; Баткен облусу – 20. Жалпы: 74 177. Ал эми бир сутка ичинде COVID-19 илдетин 180 адам жуктуруп алса, жалпы жуктургандардын саны 80 миң 25ге жетти.
Бишкек - 67; Ош - 1; Чүй облусу – 60; Ош облусу - 14; Талас облусу - 7; Нарын облусу - 4; Ысык-Көл облусу – 15; Жалал-Абад облусу – 4; Баткен облусу - 8.