Кечээтен бери коронавирус 2 адамдын өмүрүн алды
- 23.12.2020, 10:08,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө коронавирус жана пневмония оорусунан 2 адам каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, каза болгон 2 адам Бишкек шаарында жана Талас облусунда катталган.
Бул көрсөткүч менен коронавирус жана пневмония оорусунан каза болгон адамдардын жалпы саны 1 миң 337ге жетти.