У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Министрлик: "Жаңы-жылдык кечелерде санитардык талаптар так сакталсын" Коронавирус. Суткадагы статистика


Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова жаңы жылдык иш-чараларды өткөргөн ишкерлерди санитардык талаптарды сактоого чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-декабрда брифинг учурунда билдирди.

"Буга чейин республикалык штаб мамлекеттик органдарга жаңы жылдык корпоратив өткөрүүгө тыюу салынган. Ошол эле учурда жарандарга кайрылып кетет элем. Албетте бул иш-чараларды өткөрүш керек. Бирок ошону менен бирге жаңы жылдык иш-чараларды өткөрө турган ишкерлерге биздин жарандарды элди чогултуп жатканда аралыкты сактоону уюштуруп берүү талап кылынат. Саламаттыкты сактоо министрлиги бет каптарды, социалдык аралыкты сактоону сунуштайт", - деди ал.

Ошондой эле сутка ичинде 4 адам вирустан көз жумуп, 175 адам жаңыдан илдет жуктурганын, 295 бейтап вирусту жеңгенин айтты.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter