У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Санкт-Петербургда кыргыз жараны 13 жаштагы өспүрүмдү зордуктоого шектелүүдө

Санкт-Петербург шаарында кыргыз жараны 5-класстын окуучусуна сексуалдык зомбулук көрсөткөн деп шектелүүдө. Бул тууралуу Россиянын ММКлары жазып чыгышты. 
 
Маалыматка ылайык, милицияга кыздын апасы арыз менен кайрылган. Анын айтымында, кылмыш алардын батиринде жасалган. Окуядан кийин 34 жаштагы эркек киши шашылыш түрдө бөлмөдөн чыгып, белгисиз тарапка кеткен. 
 
Ички иштер министрлигинин кызматкерлери окуянын бардык жагдайлары боюнча териштирүү иштерин башташты. Жакында алар тиешелүү берене боюнча кылмыш ишин козгоо жөнүндө чечим кабыл алышат.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter