У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Баткен шаарынын 45 жаштагы тургуну Мактым Кожонова 1 айдан бери табылбай жатат


Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын 45 жаштагы тургуну Мактым Кожонова ушул жылдын 23-ноябрынан бери дайынсыз болууда.  
Издөө иштери азырынча жыйынтык бере электигин Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти. Башкармалыктын маалыматына караганда аял түн ичинде кызы менен дааратканага чыгып, кызын үйгө кире бер деп, өзү ошол бойдон дайынсыз болуп кеткен.

Ал эми Мактым Кожонованын экинчи кызы Нуризат Төлөнова дале үмүт үзбөй Бишкектеги туугандардан өйдө  сураштырып, издеп жатышканын айтат:

"Үмүтүбүз үзүлбөй туугандарыбыз болуп, өз алдынча издеп, сураштырып жатабыз. Такыр дайын жок болуп жатат, ойлой берип эч бир божомолубуз да калган жок. Ошол бойдон эч кандай байланышка чыкпады. Биз кыздары жакшы үмүт менен Бишкектен дагы сураштырып жатабыз. Ал жакта да туугандарыбыз караштырып жатышат. Мен дагы шаарда турчумун, 3 ай болуп калды айылга келгениме. Эң кичүү сиңдим Акмырза 3-класс анын окуусуна көз салып учурда үйдө болуп жатам. Табылып калса экен деп тилеп отурабыз", - деп билдирди кызы Нуризат.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter