У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Машинелерди уурдап сатып жүргөн 18 жашка чыга элек өспүрүм балдар кармалды


Уурулук менен бешиктен бели чыга электе алектенип жүргөн 18 жашка чыга элек балдар колго түштү. Алар Бишкек жана Чүй облустарында бир нече автоунаа уурдашкан.  Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгына Т.К. аттуу жаран кайрылып, 26-ноябрда Daewoo Nexia үлгүсүндөгү автоунаасын гаражынан уурдап кеткенин айткан.
Бул факты Жазык кодексинин 206-беренеси ("Автотранспорт каражатын уурдоо") менен КЖБРге катталган.
Ыкчам-изилдөөнүн натыйжасында кылмышка шектүүлөрдүн жүргөн жери аныкталган.

"Бишкек шаарындагы машина базарлардын биринде уурдап кеткен автоунааны сатып жаткан жеринен 16 жана 17 жаштагы балдар кармалды. Алардын декабрь айынын башында Бишкек шаарынын көчөлөрүнөн уурдалган автоунаага дагы тиешеси бар экени аныкталды. Мындан башка дагы Чүй облусу жана Бишкек шаарында автоунаа уурдоого байланышкан кылмыштарга аралашканы белгилүү болду", — деп айтылат маалыматта.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter