У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Статком: Өлкө боюнча Баткен, Жалал-Абад жана Нарындыктар кедей жашашат...


Баткен, Жалал-Абад жана Нарын облустарынын тургундары өлкө  боюнча жетишпей жашаары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин Статистикалык изилдөөлөр институтунун эксперти Айлуна Шамурзаева билдирди.

Изилдөөлөргө ылайык, Бишкек шаары, Талас жана Чүй облустарында абал салыштырмалуу туруктуу.

"Аймактарга кедейчиликке таасир тийгизген факторлорду аныктоо боюнча изилдөө биринчи ирет жүргүзүлүп жатат. Биз мында демографиялык гана эмес, макроэкономикалык методду да колдондук. АКШ долларынын курсу жогорулаган сайын түштүк аймактын жакырчылык деңгээли төмөндөйт. Бул мигранттардын акча которуулары менен байланыштуу. Ал эми өлкөнүн түндүгүндө доллардын курсу жогоруласа кедей категориясына кирген адамдардын саны өсөт. Нарын облусуна малдын саны абдан маанилүү болсо, Талас облусунда кедейликтин деңгээли төө буурчакка болгон баадан көз каранды", — деди Шамурзаева.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter