У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мэрия Бишкектеги мектептерди дезинфекциялоочу каражаттарды сатып алууга каражат бөлдү


Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы Шаардык өзгөчө эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиясынын 2020-жылдын 9-декабрында, Бишкек шаарындагы адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, көмөкчү мектептерде жана жалпы билим берүүчү уюмдардын коррекциялык класстарында убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин так сакталышын эске алуу менен реалдуу режимде окуу процессин улантуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул тууралуу виц-мэри Айжан Чыныбаева билдирди.
 
Анын айтымында, Бишкек шаарынын жалпы жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарын залалсыздандыруучу каражаттар менен камсыздоо жана санитардык-эпидемиологиялык нормаларды жана эрежелерди сактоо максатында, учурда Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан 6 835 800 сом өлчөмүндө каражат бөлүү боюнча буйрук чыгарылган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter