У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мугалимдер, дарыгерлер, маданият кызматкерлери мамлекет берчү бекер үйдөн эмнеге куру калышты?


Бажы, УКМК, ИИМдин, ӨКМ, Чек ара, ЖАМК жана башка кызматкерлерге мамлекет тарабынан бекер үйлөр берилген. Эмнегедир мамлекет ушул инсандарды тарбиялаган мугалимдерди, ден соолукту чыңдаган дарыгерлерди, жан дүйнөгө руханий азыр берген маданият кызматкерлерин унутта калтыргандай.

"Биздин алардан эмнебиз кем? Эмнеге мамлекет бизге өгөй баладай мамиле кылат?" дейт өмүрүн агартууга, маданият тартмагына, медицинага арнаган кесипкөйлөр. Керек болсо аларга эч кандай жеңилдик жоктугуна, бул тартмактарда эмгектенгендердин жеке пансионаттары болбогонуна, эң куру дегенде жол киреге болгон арзандатуулар болбогонуна нааразы экенин кошумчалашты.

"Мамлекет ириде мугалимдерге, дарыгерлеге, социалдык кызматкерлерге, маданият кызматкерлерине көңүл бурганда кесипкөй адистер эч жакка кетпейт эле. Эмнеге булардын статусу жогоруда айтылган УКМК, ИИМ, ӨКМ сыяктуу мекемелердин кызматкерлеринен ылдый? Билимге, ден соолукка, маданиятка көңүл бурмайын мамлекетте эч кандай өсүү болбойт", - дешет алар. 



Медицина кызматкерлери айлыгынын аздыгына, пандемия шартында мындай айлык менен үй-бүлөнү багуу оңой эмес экенине да басым жасашты. 



Видеодо медицина тармагында эмгектенген жаш үй-бүлөнүн 6000 сомго араң жашап жаткан турмушун көрүүгө болот.





Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter