У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Балдарын мектепке жөнөтүүгө каршы болгон ата-энелер менен келишим түзүлөт

 
 
Окуучуларды мектептерге кайтаруу маселеси Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында көтөрүлдү. Депутат Евгения Строкова мектептер ачылганда баласын мектепте жиберүүгө каршы чыккан ата-энелер болушу мүмкүн экенин, бул жаатта Билим берүү министрлиги кандай жол-жобо иштеп чыккандыгын сурады. 
 
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова Кыргызстандагы 1843 мектеп ачылып, окуучулар салтуу режимде окуп жатканын айтып, «Балдарын мектепке жөнөнтүүгө каршы чыккан учурлар болгон жок. Тескерисинче, ата-энелер мектептердин ачылышын, балдардын мектептен билим алуусун колдошту. Сиз кайсы категориядагы балдар жөнүндө айтып жатканыңызды түшүнүп турам. Эгер дарыгердин көрсөтмөсү бар болсо, биз жеке өзүбүз келишим түзүп, өз-өзүнчө аралыктан окутуп беребиз», - деди ал.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter