У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ошто 1000 адамга той өткөргөн Жалил Атамбаев УКМКга суракка чакырылды


Ош шаарында 1000 адамга үлпөт той өткөргөн ишкер Жалил Атамбаев УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, УКМКнын тапшырмасы менен тергөө органдары 12-декабрда өткөн той боюнча текшерүү баштады. Атайын кызмат Бишкек жана Ош шаарларында эпидемиологиялык абалга байланыштуу өзгөчө кырдаал режими күчүндө экенин белгилейт.

"Чектөөлөргө карабай ишкер Жалил Атамбаев 1000ге чукул адамдын катышуусунда дүңгүрөгөн той өткөргөн. Муну менен ал санитардык-эпидемиологиялык талаптарды одоно бузуп, коомчулук арасында нааразычылык жаратты. Териштирүүнүн алкагында бул факты боюнча тактоо үчүн Жалил Атамбаев УКМКнын тергөө органына чакырылды. Ага карата аябай катуу чара колдонулат", — деп айтылат маалыматта.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter