Коронавирус пандемиясы 2021-жылдын экинчи кварталында аяктайт жана дүйнөлүк экономика бир жылдын ичинде кадимки калыбына келет. Бул тууралуу Даниянын Саксо Банкынын инвестициялык директору Стин Якобсен РИА Новостиге берген маегинде билдирди.
2021-жылдын экинчи чейрегинде пандемиянын аякташын күтүүгө болот. Рынок коронавирус менен ооругандар өсүп жаткан нерседен да алдыга көз жүгүртүп, экономика 2021-жылыиөз нугуна түшөт деп ишенип жатат»,- деди Якобсен.
Анын божомолуна караганда, «Учурда кайра жакшыра баштаган» Азия экономикасы башкаларга караганда тезирээк калыбына келет. «Кытайдын экономикасы биринчи чейректе ИДПнын өсүш темпин 10% га жакын көрсөтөт. Андан кийин Түндүк Европанын экономикасы, АКШ, Улуу Британия жана Жакынкы Чыгыш үчүнчү болот.
Якобсен бул илимдеги секириктен улам болорун айткан.
«COVID-19 пандемиясы башталгандан тогуз айдан кийин эле вакциналар өндүрүлө баштайт деп эч ким алдын-ала айта алган эмес. Бул адатта эки-үч жылга созулчу. Бул илимдин эбегейсиз зор жеңиши жана эмдөөгө таптакыр жаңыча мамиле»,- деди Якобсен.
Ошондой эле ал вирус мутацияга болоруна, бирок илим вирусту жеңсе, анда ал анын бардык четтөөлөрүн жеңип чыгарына ишине турганын кошумчалады.