COVID-19дун шылтоосу менен медициналык мекемелерде 693 мыйзам бузуу болгону аныкталды
- 11.12.2020, 15:47,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Дүйнөнү каптаган коронавирус илдети Кыргызстанга келгенден бери пандемияга каршы күрөшүүдө Кыргызстандын саламаттык сактоо мекемелеринин ишинде 693 мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.
Анда айтылгандай, бул боюнча 369 прокурордук реакция жасоо актысы түзүлгөн. 314 кызматкер дисциплинардык жоопкерчиликке тартылып, мамлекеттин бюджетине 8 млн. 331 миң сом кайтарылган.
34 иштин материалдары Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине киргизилип, сотко чейинки териштирүү башталган.