У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тагдыр: Үйүбүз бейитке жакын. Атам акыркы күндөрү түнкүсүн бейитти аралап басып кетип жатат


Илгери жер тилкеси бөлүнүп жатканда чоң атама бейиттин жанына жер үлүшү тийиптир. Бирок ал кезде бейит үйдөн алда-канча алыс болчу дейт атам. Бара-бара бейит да чоңоюп, анын аймагы биздин короого жакын болгондуктан мүрзөлөр биздин үйдүн жанына чейин жайгаша баштады. Биздин үйдүн арты ошентип жалаң мүрзөгө толуп кетти. Биз келме келтирип, кээде коркконубуз менен бара-бара көнүп деле калдык. 

Бирок акыркы 2 жылдан бери атам түнкүсүн кантип ордунан туруп, бейитти аралап кеткенин сезбей калып жатат. Биринчи жолу мындай окуя болгондо апам кызынын үйүнө мейманга кетип, ошол жакта 1 жума жүрүп келген кезде болгон. Атам уктап жатат го деп биз деле элес албай уктап жата бериптирбиз. Таң агарып калганда сыртка чыгып кайра келе жатканда атамдардын уктоочу бөлмөсүнө негедир баш баккым келди. Кирип барсам эле атам жок. Дароо эшикке чуркап чыгып короону карасам атам жок. Инимди ойготуп атамды издей баштадык. Негедир атам бейит тарапка кеткендей эле сезим боло берди. Анткени бир курдай чай ичип отурганда "мени бирөө бейит тараптан чакырып жатат" деп атам айтканда апам "койчу айланайын балдардын эсин чыгарбай" деп сөзун бөлүп салган. 

Иним экөөбүз коркконубузду унутуп бейитти аралап аталап чуркай бердик, чуркай бердик. Эң ортосу жакка жеткенде бир мүрзөнүн тушунда бирөө жатканын көрдүк. Барып карасак эле атам. Үшүгөнүн сезбей уктап жатат. Аталап ойготуп алып ыйлап жатабыз. Атам эч нерсе түшүнгөн жок. Ойгонуп кетип мүрзө кучактап жатканын көрүп катуу чочуп, кармаганыбызга карабай өзун жоготуп атам катуу ооруп калды.

Ошол күнү эле башка айылдагы күчтүү молдого дем салдырдык. Бирок атамда жылыш болбой койду. Күндө кечинде басып кетмей адат тапты. Тынч жашообузга бүлүк салган мындай окуядан кийин үйдү таштап, Бишкекке көчүп кеттик. Азырынча батирде турабыз. Атам молдого барып дем салдырып, ооруканага байма-бай жатып дарыланып жатат. Бирок түшүнөн көп чочуйт. Ушинтип ата-тегибиз конгон айылды таштап кетебизби, деп кейип калат. Бирок бизге атабыздын ден-соолугу артык. Чүй боорун биротоло байырлап калсак деп жатабыз.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter