У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


7-декабрда ачылат делген Аламүдүн районундагы мектептер бүгүн иштеген жок. Себеби...


Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Аламүдүн жана Лебединовка айылдарында мектептер 7-декабрда салттуу режимде иштеп баштайт деген маалымат тараган. Бирок бүгүн аталган мектептер ачылган жок.  Бул тууралуу  райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Динара Шеркулова билдирди.

"Аламүдүн жана Лебединовка айылдарындагы мектептер бешинчи күнү башчылары менен байланыша албай, макулдашылбай калган. Бул маселе боюнча аталган айыл өкмөттөрүндө бүгүн чогулуш болуп, кайсы күнү окуу башталарын такташат. Ал эми Көк-Жар айылындагы мектеп 10-декабрда ачылмай болду", — деди Шеркулова.

Маалыматка караганда айрым мектептердин окуучуларына жана ата-энелерине "окуу азырынча онлайн түрүндө уланат" деген билдирүү келген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter