У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ок атуучу курал менен инстаграмга түз эфирге чыккан жаран колго түштү


Кечээ 3-декабрдын кечинде Instagram социалдык баракчасында ок атуучу курал менен түз эфирге чыккан белгисиз жигитти милиция колго түшүрдү.  Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, мыйзамсыз курал алып жүргөн жигит унаада бара жатып соцтармакка түз эфирге чыгып, "Кайгуул кызматын көрсөң ат" деп тапанчаны улам айнек жакка такаган.

Милиция бул окуя боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын өткөрүп, жыйынтыгында 25 жаштагы О.Н. аттуу жигиттин колго түшүрүлгөнү айтылды. Ал Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилген.
Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter