Кыргызстан профсоюзунда бир нече айдан бери талаш-тартыш, келишпестиктер орун алууда. Тирештин арты чоӊ чырга айланчудай деӊгээлге жетти. Кечээ 11-мартта Кыргызстан профсоюздарынын төрагасы Мирбек Асанакуновду жаалданган топ ишине киргизбей, эки тараптын ортосунда жаӊжал чыкты. Кырдаалга көз салып жаткандар профсоюз мамлекет ичиндеги мамлекетке айланып калганбы деген суроого жооп таппай турушат.