У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бабанов: «Гемба Кайдзен» китебин окууну ишкерлерге гана эмес, чиновниктерге да сунуштайм


 Чексиз жакшырууну кантип жасоону аябай дилгирленип окуп чыктым. Жапониянын башкаруу ийгилигинин сыры да ушул. Бул тууралуу Өмүрбек Бабанов фейсбуктагы баракчасына жазды. 

«Мага өзгөчө «муда» (жоготуу) деген сөзү жакты. МУДА – бул кошумча наркты же баалуулукту жаратпай, жөн гана жоготууларга алып келчү нерсе. Өзгөрүүнү каалаган адам кошумча баалуулук алып келбеген нерсенин бардыгын талдап, аларды жок кылуусу керек.

Мисалы азыр конституцияны өзгөртүү маселеси талкууланып жатат. Чындыгында, биздин чиновниктердин алкагынан карасак, анда өлкөнүн өнүгүшү үчүн кошумча нарк алып келбеген депутаттардын саны МУДАга дал келет.

Албетте, бул мыйзам чыгаруучу орган жана биз балансты бузбашыбыз керек. Бирок мен ойлойм, ар бир чиновник жана ар бир министрлик өз ишинде гемба кайдзен системасын колдонушу абзел!

Мамлекеттик ишканалардан айырмаланып жеке компаниялар дайыма жакшырып, өркүндөп турат. Антпесе алар атаандашууга туруштук бере албай, базардан сүрүлүп чыгып калышат.

Бирок эмне үчүн биздин чиновниктер министрликтердин ишинде натыйжалуулукка өзгөчө көңүл бурушпайт деген ой келет. Эмне үчүн алар өз тармагымды өркүндөтүү үчүн эмне кылдым деп суроо беришпейт? Эгерде гемба кайдзен ыкмасын колдоно билишсе, анда өлкөнүн өнүгүүсүнө бут тосуп келген эбегейсиз ашыкча бюрократияны көрүшмөк.
Министрлер бул жөнүндө ойлонушу керек.

Менин оюмча, гемба кайдзенди бажыда да мыкты колдонсо болот! 
Бул алдыга жылуу үчүн эң мыкты китептердин бири, баарыңыздарга окууну сунуштайм!»,-деп жазды ал. 

  


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter