У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Айдоочу жазадан бошотулду!!! Ысык-көлдөгү 4 адамдын өмүрүн алган депутат катышкан жол кырсыгы


7-июлда Lexus ES 300 менен BMW Х7 үлгүсүндөгү унаалар жол кырсыгына кабылып, Lexus ES 300 унаасында бара жаткан 4 адамдын баары каза болгон.  Аталган кырсыкка Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков катышкан жана ал ишке сот чечим чыгарды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чечимди Ысык-Көл райондук соту 11-ноябрда чыгарган.

"Анда Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков сотко күбө катары катышкан. Ал эми BMW Х7 унаасынын айдоочусу Эльдияр Халмурзаев кылмышты жасоодо күнөөлүү деп табылып, 7 жылга эркиндигинен ажыратылган. Ошондой эле 3 жыл машина айдоо укугунан жана 70 миң сом айып пул салынган. Бирок сот айдоочуну жарыяланган мунапыстын негизинде жазасынан бошоткон", - деп билдирет басма сөз кызматы.




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter