Кырк чоро менен феминисттердин талашы качан токтойт?
- 11.03.2020, 16:35,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
8-март күнү зомбулукка каршы маршка чыккан феминисттерге өздөрүн "Кырк чоро" деп атаган топ тоскоолдук кылган. Андан соң 10-мартта кайрадан тынчтык митинги уюштурулуп, анда феминисттер аталган топтун мырзаларына тиешелүү түрдүү плакаттар менен чыгып, учурда "Кырк Чоро" эл талкуусунан түшпөй турган чагы. Чоролордун башында турган Замир Көчөрбаев феминисттердин колундагы ыпылас сөздөргө төмөндөгүдөй жооп берди.
"Коомчулук бул чыгармачылыкты окуп алып, түз маанисинде түшүнүп, бул кызга жана кырк чоронун дарегине ар кандай сын пикир айтууда. Көпчүлүк ойлоп жатат бул кыз автор деп. Андай эмес. Феминисттик топтордун аркасында батыштын политтехнологдору бар. Ар бир сөздү алар даярдап берет. Кечээги 8-мартта алардын бирөөсү ошол акцияга катышты. Эми бул чакырык кандай мааниде жазылганын чечмелеп көрөлү: "мырк" -дегенин алсак экс Президент Р. Отунбаева да айылдыктарды мырк деп кемсинтип сүйлөгөнү эске түшөт, "чорошек"- кыргыздын жигиттерине карата айтылганы десек болор. Ал эми "дагы бир сөзү" (редакцияланды) билимсиз деп кемсинтүүсү. Демек, бул кыз кожоюну даярдап берген "айылдык кыргыз жигиттери-алсыз, билимсиз" деген чакырыкты көтөрүп чыккан. Бул менин жеке пикирим" дейт чоролордун лидери.
Анын мындай пикиринен кийин феминисттердин бирөөсү
"Сени айтышка чакырам, эркек болсоң кел" деп опузалап жаткан убагы.
Мындай тирешүү каякка бараары, качан, кимдер тарабынан токтотулаары белгисиз...