Дагы бир митинг..."Караван" соода борборунун сатуучулары Өкмөт үйүнө кирүүгө аракет жасашты
- 11.11.2020, 13:41,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
"Караван" соода борборун онлайн-аукционго коюуга каршы чыккан "Караван" соода борборунда иштеген соодагерлер өкмөт үйүнө кирүүгө аракет кылышты. Бирок ичиндегилер аларды киргизбей эшикти жаап алышкандыгы айтылды.
Өкмөт үйүнө кире албай калгандар "Уят! Уят!" деп кыйкырышкан. Алардын айтымында, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду соода үйүн онлайн-аукционго койсо, анда иштегендер бутиктеринен ажырап калат.