У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Митинг! Наркология борборунун кызматкерлери министрликтин алдына митингге чыгышты


Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык наркология борборунун кызматкерлери бүгүн, 30-октябрда министрликтин алдына нааразылык акциясына чыгышты.

Алар борбордун имаратын жана жайгашкан жерди жанындагы Республикалык дерматовенерология борборуна өткөрүп берүү туура эмес экенин айтып, алар караманча каршы экенин билдирип жатышат.

Акцияга барган наркологиялык бейтаптардын укугун коргоо менен алектенген юрист Эрик Ирискулбеков да эки мекемени бириктирүүнү туура эмес деп эсептеди:

“Эгер ошондой болсо наркологияга көңүл тийиштүү деңгээлде бурулбай калат. Эң башкысы, анын имаратын алып койгону жатышыптыр, ал жерде атайын наркологиялык бейтаптарга ылайыкташкан жабдыктар бар, шарттар түзүлгөн”.

Наркология борборунун маалыматына караганда, 180 орунга эсептелген мекемеде азыр 185 адам дарыланууда, орундардын толушу дайыма 94% жана андан жогору болуп турат, ал эми 70 орундуу дерматология мекемесинде орточо 30 бейтап жатат. Бир жылда нарколог адистердин дарылануусунан 5,5 миңдей адам өтсө, дермотология мекемесинде бул көрсөткүч 600дүн тегерегинде болот.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter