У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкек вице-мэри: " Саясат менен эмес, чарба менен алектенебиз"


Бишкек шаардык мэриясына вице-мэр болуп келген Жамалбек Ырсалиев күнү-түнү тынбай иштей тургандыгын айтып, шаардыктарды бирге иш алып барууга чакырды жана жеке телефон номерин жарыялады. 

"Иш күнүм менен иш түнүм... Бизге ишеним көрсөткөн элдин сунушун эске алып, мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Тулөбаев мени вице-мэрлик орунга бекитти.Бишкек шаарынын көйгөйүн жакшы билебиз. Азыр түнкү Бишкекти кыдырып келдим. Күнү-түнү тынбай иштейли деп билекти түрүп кириштик. Жаштыгыбыз менен топтогон тажрыйбабыз сүйүктүү шаарыбыз үчүн, элибиз-жерибиз үчүн. Буюрса, сиздерди уят кылбайбыз. Кербенибиз жүрө берет. Кудай биздин келечегибизди кең кылсын. Саясат менен эмес, чарба менен алектенебиз. Аллеядагы эки бакты кыркканга мыйзам жол бербейт деп айланып өткөн сыяктуу биздин да колдон келбеген жерлер болсо, сиздерге ачык айтабыз. Сапаты начар болсо тиешелүү жазасын беребиз.Сиздер менен чогуу шаарыбыздын жашоочулары жана алыс-жакындан келген конокторунун көзүн кубантуунун аракетин көрүп жатабыз. Кайсы жерде кемчиликтер болсо, бизге түз байланышып, кат жазып туруңуздар. Вотсаптан жана Фейсбуктан, Инстаграмдан жеке баракчабызга жазып жана сүрөткө тартып жиберип туруңуздар. Баарыбыз чогуу иштейли. 0553 51 77 77 бул менин номерим", - деп жазган ал социалдык тармактагы баракчасына.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter