У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Белгисиз адамдар Эркежан Исаковага кесилген иттин башын жөнөтүштү


Блогер Эркежан Исаковага белгисиз адамдар кесилген иттин башын жөнөтүштү. Бул тууралуу Исакова 28-октябрда социалдык тармактагы баракчасына жазды.

  • Erkejan Isakova
    12 ч. назад · 1
    🆘‼️"Баш кесмек бар, тил кесмек жок"
    Кечээ, кечке маал мага Бишкек шаарынан "посылка" келди. Кутучага салынып, шөкөттөлүп, скотч менен айда оролгон нерседе белгисиз бир жаныбардын (мыкаачылык менен кесилип, тиги чыгып калган!) баш сөөгү экен..,
    Эми мындай, чынында көзүм көрүп, кулагым укканды анын ичинен элдин көйгөйүн өзүм жашаган коомдогу болуп жаткан туура эмес көрүнүштөрдү, коррупция аралашкан иштерди, саясий өңүттөгү сын-пикирлерди коомчулукка, социалдык тармактарга ачык билдирип жүргөнүм чын.
    "Баш кесмек бар, тил кесмек жок"-демекчи, мен муну менен позициямдан кайтып калбайм, же коркуп калбайм, болгону кыз кишиге ушундай нерсе жөнөтүү, ушундай мамиле кылуу туура эмес деп ойлойм. Кудай деген пендемин, баарыбыз бир гана улуу Аллах Тааланын алдында гана жооптуубуз жана андан коркушубуз керек! Бул мага эмес коомчулукка болгон коркунуч, бүгүн мага карата болгон коркутуу, эртең дагы бирөөнүн башына келбейт деп эч ким кепилдик бере албайт.
    Бүгүн, тиешелүү жактарга арыз жаздым, сураныч коомчулук дагы, активист байке-эжелер дагы кайдыгер карабай оюуңуздарды билдирүүгө чакырам!Улуттук коопсуздук комитети баштаган тиешелүү органдар посылка жөнөткөнүн дагы, буйрутма бергенин дагы таап, Мыйзам чегинде чара көрүп, мага коркунуч туулбай, зыяны тийбей тургандай чечип берүүңүздөрдү суранам!
    Ачык айтуу керек кектешкен кас-душманым деле жок, жөнөкөй бир пендемин, болгону мен айткан чындыктар кимдир бирөөлөргө жакпай калса керек деп ойлоп жатам.
    Мекен үчүн, элим үчүн, жерим үчүн, жаштар үчүн, чындык үчүн тилимди, башымды кесип кетсе дагы, позициямдан кайтпайм, жазганым жазган, айтканым айткан!
    ‼️P.S. сүрөт жашы жетелектерге жана нерв, жүрөк оорусу бар адамдарга көрүүгө сунушталбайт!









Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter