У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Пакистан Кыргызстандагы медициналык окуу жайларды кара тизмеге киргизиди


Пакистан Кыргызстандагы бардык медициналык окуу жайларды кара тизмеге киргизди жана өз жарандарына Кыргызстандагы медициналык окуу жайларга тапшырбоого чакырды.  Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.  
 
Мындай маалыматты Билим берүү министрлиги Кыргызстандын Пакистандагы элчилигинен алганы айтылды. 
 
Маалыматка ылайык, Кыргызстандан бүткөн пакистандык студенттердин 90% Пакистандагы экзаменден өтпөй калган. Жыйынтыгында бул жактагы медициналык окуу жайлардан бүткөн пакистандык студенттердин дипломдору Пакистанда таанылган эмес.
 
Аталган маселе бүгүн, 29-октябрда Билим берүү жана илим министрлиги жана медициналык багыттагы адистерди даярдаган жогорку окуу жайлардын ректорлору менен бирге талкууланды. Талкууда мындан ары окуу жайларга көзөмөл күчөтүлөрү белгиленди жана министрлик пакистандык студенттердин окуу жайга кирүү талаптарын күчөтүүгө чакырды.
 
Окуу жайлар талаптарды аткарбаса алардын лицензиясы кайра карала турган болду. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter