У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тахмина Артыкали: "Көчөдөн көрүп калгандар "ботекис" дешет..."

"Ботекс" процедурасын жаңылыш айтып алган Тахмина Артыкали тез эле атактуулукка жетти. Ал эл көчөдөн көргөндө "ботекис" дешет деп күлөт. Индия кинолорунан таасир алган түрк кызы, кыргызстандык Тахмина Артыкали менен маектештик. 

- Тахмина, ботекс процедурасы аркылуу тез эле элге таанылдың, сын уккан кандай экен? Ушинтип таанылып кетем деп ойлодуң беле? 
Көп деле жаман сөздөр айтылган жок го деп ойлойм. Негизи жашоомдо башкалардын ою анчейин кызыктырбайт. Эл эмне дейт деген рамкада жашабайм. Бирок таанылып кетем эч ойлогон эмесмин. Көчөдөн көрүп калгандар "ботекис" деп калышат. Ушинтип "ботекис" деген атка кабылдым. 

- Негизи индия актрисаларын кумир тутат окшойсуң?
Индия сериалдарын бала кезимден бери сүйүп көрүп келем. өзгөчө "Танцор диско", "Гита Зита" жагат. Ырчылардан Шрея Гхошалдын ырларын жактырып угам.
- Өзүң жөнүндө айтсаң эмне менен алектенесиң, билимиң, каяктан болосуң, канчадасың?
- 1995-жылы жарык дүйнөгө келгем. Атам түрк, апам өзбек улутунун кызы. Өзүм 2 улуттун канынан жаралган кыз болсом да кыргыз тилин жакшы көрөм. Өзгөнгө,  Бишкекке маал-маалы менен барпы турам. Билимим котормочу. Үй-бүлөдө кыргызча мен эле сүйлөйм, бирок так эмес, буюрса мындан дагы жакшы үйрөнөм. Кыргыз жигиттерин абдан жогору баалайм. Бөтөнчө сыйчыл келишет, көчөдөн көрүшсө сөзсүз сый-урмат көрсөтүп турушат. Жигиттим жок, кыргыздын уулуна  турмушка чыксам дейм. Өзгөнгө айылга барганда  уй саап, кой кайтарып, чөп чөмөлөп калам, ошол себептен айыл турмушуна тыңмын десем болот. 
- Кызыккандарга айтып койсоң, өзүңдү, оозуңду чындап эле жасаттың беле?
- Көзүмдү жасаткан эмесмин, Аллах кандай жаратса, өзүмдү ошол бойдон кабыл алам.  Оозумду суусундук ичип, ушундай кылып чоңойтуп алгам.  Америкада 3 жыл жашап келгем, ошол жактан косметолог эже кеңеш берген.  Кыздарга айтарым өзүңөрдү карагыла, сүйгүлө, өзүңөрдөн эч нерсе аябагыла. Туура жолдо жүрсөңөр баары жакшы болот. 
Булак: Фабула Пресс
















Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter