У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сейил бактагы пианинону сындыргандар жаңысын коюп беришти


Жарым ай мурда парктагы фортепианону белгисиз бирөөлөр сындырып кетишкен. Бирок көп өтпөй алар ордуна жаңы музыкалык аспапты коюп берип, шаардыктарды кубандырышты.  Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Мындан жарым ай мурун "Театралдык" деп аталган гүл бакчада белгисиз адамдар пианинону сындырып кетишкен. "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери изи сууй электе ал адамдарды кармашкан. Ошондой эле биз укук коргоо органдарына кайрылганбыз. Пианинону сындыргандар жарым ай өткөндөн кийин жаңы пианинону коюп беришти. Тилекке каршы, эскисин калыбына келтирүүгө мүмкүн болгон жок. Ал эми азыркы учурда инструмент текшерүүдөн өтүп, жагымдуу музыкалары менен шаардыктарды кубандырууга даяр", - деп айтылат мэриянын маалыматында.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter