У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Эржан элинен жардам күтөт


Урматтуу кыргыз элим, Абдылда уулу Эржан сиздерден жардам күтөт. Кайрымдуу, боорукер, кайдыгер карабаган жарандар Эржанга каражат жагынан жардам көрсөтүп, айыгып кетишине салым кошууӊуздарды суранабыз. 
 
Эржан Абдылда уулу 1991-жылы туулган. Бир үйдүн жалгыз баласы, жардам берер ага-иниси жок болгондуктан элинен жардам күтөт. Балага эне гана күйөт эмеспи. Эржандын күйө турган, канаттын отко-сууга сала турган энеси да ал жаш кезинде каза болуп калган. Эки карындашы бар. Алар байкесине бөйрөгүн берүүгө даяр. Болгону бөйрөктү алмаштырууга чоӊ суммадагы каражат керек болуп жатат. андай каражатты Эржан жалгыз таба албайт. 
 
Азыр Эржан ооруканада дарыланууда. Күнүнө 3000 сомдон гемодиализ алып жатат. Туугандары колунан келген жардамдарын берип жатышат. Бирок алар да операцияга керек болгон каражатты таап берүүгө мүмкүнчүлүктөрү чектелүү экенин айтышууда. Ал эми дарыгерлер болсо тезинен Эржанга операция жасоо керектигин билдиришти. Урматтуу кыргыз элим, кайрымдуу жарандар Эржан сиздерден жардам күтөт. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter