Кечээки ызы-чуудан 7 адам жабыркады, Тилек Токтогазиевдин абалы туруктуу
- 10.10.2020, 13:36,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкекте митинг учурунда чыккан тополоңдо башынан жараат алган саясий активист Тилек Токтогазиевдин абалы туруктуу. Бул тууралуу 10-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева билдирди.
Анын айтымында Токтогазиев жаткан ооруканага санаалаштары барып жолуккан, өзүнө келди. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 9-октябрдагы окуя учурунда жети адам жабыркаган. Алардын экөө ооруканага жаткырылып, бешөө амбулатордук жардам алышты.