У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бир кадам алдыга, эки кадам артка....

Сапар Исаков премьер-министр кезинде, карапайым калктын түйшүгүн жеңилдетүү багытында "Таза коом" долбоорунунун алкагында цифралаштырууну баштаган. Натыйжада, ар бир айыл өкмөтүндө паспорт, күбөлүк, справка берүү боюнча маалыматтык күркөөлөр ачылып, жергиликтүү жашоочулар район борборуна чуркабай, бардык мамлекеттик документтерди айылдан эле ала башташкан. Мурдагыдай барып-келгенге жол кире коротпой, түштөнүүгө чыгым болбой, убакыт үнөмдөп жыргап калышкан. 
Ырасында, бир эле барып келген менен иш бүтпөйт, документтери туура эмес болуп, эки-үч жолудан катташып кыйла чыгым болушчу. Мына ушул түйшүк "Таза коом" долбоорунунун негизинде Маалыматтык күркөөлөр аркылуу жоюлган.
Тилекке каршы, азыр эмне болуп жатат? 

Ырасында, бир эле барып келген менен иш бүтпөйт, документтери туура эмес болуп, эки-үч жолудан катташып кыйла чыгым болушчу. Мына ушул түйшүк "Таза коом" долбоорунунун негизинде Маалыматтык күркөөлөр аркылуу жоюлган.
Тилекке каршы, азыр эмне болуп жатат? 

Эки жылдан бери Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы аталып, баары теңирден тескери жүрүүдө. Ичи тарлык, көралбастыктын айынан Сапар Исаковдун "Таза коом" долбоору ийгиликтүү иштеп жатат деген сөздү жокко чыгарыш үчүн Айыл өкмөттөрүндөгү маалыматтык күркөөлөрдү жоюп салышты. Карапайым калк баягыдай түйшүк тартып, чыгым болуп, паспорт, күбөлүк жана башка мамлекеттик документтерди алыш үчүн район борборлоруна каттай баштады. 

Мына Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын эки жылдан берки жыйынтыгы. Мурдагы жетекчилердин жакшы ишин кийинки келгендер көрө албай жокко чыгарып, артка тартып жатышса, анан кантип өнүгөт элек?...

Биз мындай аң сезим, көз караш менен эзели жарыбайбыз. Ит жетекчилерден арыла турган күн келээр бекен? Чындыкты айтсаң эле, душман санашып, турган фактыны көрбөй карайлап калышат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter