4-октябрда өткөн парламенттик шайлоону тааныбаган партиялар "Ата Мекен" жана "Республика" партияларынын талапкерлери 4үнөн бешине караган түнү маалымат жыйын өткөрүштү.
Маалымат жыйындан белгилүү болгондой, алар 5-октябрда Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын алдына саат 14.00дө акция өткөрүшөт.
Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала маалыматына караганда, 4-октябрдагы шайлоодо "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан", "Кыргызстан" жана "Бүтүн Кыргызстан" партиялары 7 пайыздык босогодон өтүшкөн.