Кайра көбөйдү. Сутка ичинде 215 адам вирус жуктуруду
- 02.10.2020, 12:02,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирустан 154 бейтап айыкты. Ошол эле учурда кайра 215 кишинин оору жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
Айыккандар:- Бишкек шаары – 6;
- Ош шаары – 34;
- Чүй облусу – 5;
- Ош облусу – 47;
- Нарын облусу – 2;
- Талас облусу – 2;
- Ысык-Көл облусу – 12;
- Жалал-Абад облусу – 19;
- Баткен облусу – 27.
Жуктургандар:- Бишкек шаары – 17;
- Ош шаары – 19;
- Чүй облусу – 23;
- Ош облусу – 41;
- Талас облусу – 1;
- Нарын облусу – 1;
- Ысык-Көл облусу – 10;
- Жалал-Абад облусу – 40;
- Баткен облусу – 63.
Өткөн суткада коронавирустан каза болгон учур катталган жок. Жалпысынан алганда 47 056 кишиден коронавирус аныкталса, анын 43 137си ооруну жеңди. Тилекке каршы, дарт 1 065 адамдын өмүрүн алган.
Учурда 910 бейтап стационардык шартта дарыланып жатса, 1 489 киши амбулатордук шартта медициналык жардам алууда.