Боронов: «Эгер мектеп суук болсо ошол аймакта азырынча окууну баштабай турса болот»
- 01.10.2020, 16:53,
- Коом
- 1
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Окуу процессин баштаардагы дагы бир чоң маселе – кышка даярдык маселеси турат. Бул тууралуу өкмөт башчы Кубатбек Боронов брифинг учурунда билдирди.
Өкмөт башчы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мектептерди, бала бакчаларды, ооруканаларды кышка карата жылытуу маселелерин азыртадан баштап толук камсыздоо боюнча катуу тапшырмалар берилгенин, аба ырайы сууктап кетсе, балдарды муздак мектептерде окутуп, оорутуп албаш үчүн – керекпи эртелеп от жагып жылытуу керектигин, азыртадан терезелерди жылуулоо иштерин жүргүзүү зарылдыгын айтты.
«Эгерде мектеп суук болсо, анда ошол аймакта азырынча окууну баштабай турса болот. Ошондуктан ар бир аймактын – облустун жетекчилери бул жагын карап, кайсы мектептерде окууну баштоого уруксат берет, аны өздөрү чечиши зарыл. Мектептерде жылуулук жагы толук камсыз болууга тийиш»-деди Боронов.