У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Балыкчыда жакынкы күндөрү Орусия учактарынын бомба таштоо боюнча машыгуулары өтөт


Балыкчыда октябрь айынын башында Орусия учактарынын күжүрмөн учуу жана бомба таштоо боюнча машыгуулары өтөт. Бул тууралуу Балыкчы шаарынын мэриясынан билдиришти.

Ага ылайык, Кыргыз өлкөсүнүн Куралдуу Күчтөрүнүн машыгуулары 2020-жылдын октябрь айынын 1,2,6,8 жана 9 ( 13,15,16,20 жана 22 резервдик) күндөрү өтөрү маалымдалды.

"Машыгууга Орусиянын учактары катышат. Ал саат 08:00дөн 18:00гө чейин 20636 Аскер бөлүгүнүн окуу борборунун талаасында өтөт. Жогоруда көрсөтүлгөн иш-чаралардын негизинде 20636 Аскер бөлүгүнүн окуу талаасына жакын жайгашкан жергиликтүү жашоочулардан кечирим сурайбыз жана мал жандыктарга сак болууну өтүнөбүз", - деп жазылат маалыматта.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter