У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өкмөт башчы саламаттыкты сактоо министрине сөгүш берди


Кубатбек Боронов эпидемиологиялык кырдаалдын жакшы болушунун туруктуулугун камсыз кылуу жана өлкөдө ооруну жуктургандардын көбөйүшүн алдын алууда жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилеринин жоопкерчилиги жогору экенин баса белгиледи.   Бул туурасында Республикалык ыкчам штабдын кеңешмесинде айтылды.
 
«Жер-жерлердеги эпидемиологиялык кырдаалга силер жооптусуңар. Бардык коопсуздук чараларын кабыл алып, көзөмөлдү күчөтүү керек. Эгер илдет күч алса, ага жооптуу экениңерди унутпагыла», - деди Кубатбек Боронов. 
 
Премьер-министр Кубатбек Боронов Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовго мамлекеттик сатып алуулар боюнча тийиштүү көзөмөл жүргүзбөгөнү үчүн, ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыхановго мамлекеттик сатып алуулар боюнча тийиштүү деңгээлде иш алып барбаганы үчүн сөгүш берди.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter