У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коронавируска каршы вакцинаны даярдоо үчүн 500 млн. акула өлтүрүлүшү мүмкүн


Американын жапайы табият жөнүндөгү эксперттери коронавируска каршы вакцинаны даярдоодо 500 миллионго жакын акула өлтүрүлүшү мүмкүн экенин билдиришти. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазып чыкты. 
 
Маалыматка ылайык, коронавирус илдетине каршы жасалып жаткан вакцинага акуланын боорундагы сквален деген май кошулат. Бул май буга чейин косметикалык каражаттарга жана айрым вакциналарга кошулуп келген. 
 
GlaxoSmithKline фармацевтикалык компаниясы скваленди пайдалана турганын маалымдаган. Адистер вакцинанын миллиард дозасын жасоо экологиялык апатка алып келиши мүмкүн деген пикирди айтышууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter