Бишкекте унаанын терезесин талкалап ири суммадагы акча, ноутбукту алып кетишти
- 29.09.2020, 13:18,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкек шаарында автоунаанын ичинен акча салынган баштык жана ноутбук уурдалды. Унаанын ээси шектүү 4 жигитти табууга жардам сурайт.
Жабырлануучунун айтымында, окуя 26-сентябрда күндүз Ахунбаев менен Шота Руставели көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унаанын арткы терезесин сындырган уурулар ири суммадагы акчаны, ноутбук жана документтерди алып кетишкен.
Видеокамерага тартылып калган видеодо 4 жигит кол салганы көрүнүп турат.
Жабырлануучунун байланыш номуру:
0505 505 506.