У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат


Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрүү пунктулары 1-4-октябрь күндөрү жүк ташуу үчүн жабылат. Бул тууралуу КРдин Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чек аранын жабылышына Кытайдын "Күз ортолоп калгандагы салтанат" жана "Билим күнү" майрамдары себеп болууда.

Аталган өткөрүү пунктулары 5-октябрдан баштап кайрадан өз ишин улантат. Белгилей кетсек, пандемия шартындагы алгоритмге ылайык, учурда Кытайдан Кыргызстанга товар алып кирүүгө гана уруксат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter